KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ЭКОНОМИКАЛЫК МУНАПЫС ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ ТАЛКУУЛАНДЫ

21 января 2021

Өткөн жылы өлкөбүздө биринчи жолу жемкорлукту  (коррупцияны) алдын-алуу багытында     мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдарды      өз эрктери менен  кайра ордуна коюу үчүн  экономикалык амнистия (мунапыс) жарыяланганы белгилүү.


Албетте мунапыстын мындай түрү республикабызда  биринчи жолу жарыяланып жаткандан кийин соттук-укуктук мыйзамдарга,  кодекстерге  айрым  өзгөртүүлөрдү   киргизүү зарылчылыгы    келип чыккан. Андыктан экономикалык мунапыс боюнча мыйзам ченемдик актыларга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам  өткөн жылдын аягында  кабыл алынган.


Ушундан улам,    мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр менен бирдиктүү иш алып баруу үчүн жакында Нарын облустук  прокуратурасы  менен Нарын облустук соту тарабынан  демилгеленген кеңешме болуп өттү.


Кеңешмеге  сот, прокуратура ички иштер бөлүмдөрүнүн, каржы полициясынын     өкүлдөрү  жана тергөөчүлөрү,  ошондой эле прокуратуранын райондордогу бөлүмдөрү да онлайн тартибинде катышты.  Анда тигил же бул мыйзамдардагы, кодекстердеги жаңы кирген өзгөртүүлөрдө көрүлгөн аракеттер тууралуу кеңири сөз болду.


Келип чыккан суроолорго облустук прокуратуранын жетекчилиги менен бирге эле,  Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери боюнча орун басары Азамат Койлонбаев жооп берди .


Нарын облустук сотунун


                         басма-сөз кызматы