Жакында Ат-Башы райондук соту Ак-Жар, Ача-Кайынды, Баш-Кайында жана Ат-Башы айылдарындагы аксакал сотторунун төрагаларынын, аталган айылдардын айыл өкмөт башчыларынын, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкулдөрүнүн башын коштурган тегерек стол уюштурушту.
Тегерек столду уюштуруунун максаты акыркы мезгилдерде жарандардын ортосундагы жер талашуулардын жана үй-бүлөлүк араздашуулардан улам ажырашуулардын саны кыскарбай жаткандыгы себеп болгон.
Андыктан тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 265-беренесине ылайык ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу менчик укугун таануудагы талаш-тартыштар тууралуу, ошондой эле үй-бүлөлүк ынтымак ырашкерлик боюнча маселелер ортого салынды. Эксперт катары, тегерек столго “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы бөлүмүнүн жана райондук прокуратуранын жооптуу кызматкерлери катышып, тигил же бул мисалдардын тегерегинде келип чыккан суроолорго жооп беришти.
Ушундай эле форматтагы жолугушуулар райондогу калган айыл өкмөттөрү менен мындан ары да уланмакчы.
Б.Белеков.
Нарын облустук сотунун
басма-сөз катчысы