1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кечээ Кочкор райондук сотунун эмгек жамааты кайрымдуулук көргөзүштү. Райондун социалдык коргоо мекемесинде каттоодо турушкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү беш балага камкордук көрүлдү.
Бул күнү кичинекей майрам ээлери райондук соттон даректерине айтылган каалоо-тилектерге жана азык-түлүктөр менен таттуулар салынган баштыктарга ээ болушту.
Ушундай эле кайрымдуулук бүгүн 1-июнь күнү Нарын облустук сотунун эмгек жамааты тарабынан уюштурулуп, сот кызматкерлери Нарын шаарында жашаган, социалдык колдоого муктаж, учурда 2 баланы жалгыз өзү багып жаткан (бирөөсү оорукчан) Бугубаева Бермет менен 4 баланы тарбиялап жаткан (бирөө оорукчан)жалгыз бой Асалиева Заринага барышып,ар бирине 4 миң сомдон акчайлай каражат жана жер-жемиштер, таттуулар майрамдык белектер менен кичинекейлерди куттуктап келишти.
Ушундай эле кайрымдуулук иштер бүгүн Ак-Талаа, Ат-Башы райондук сотторунун эмгек жэамааттары тарабынан да ишке ашырылды. Ак-Талаа райондук соту Баетов айылындагы “Жаш-Тилек” деп аталган балдар бакчасынын 40 тарбиялануучусуна майрамдык белектерин беришсе, Ат-Башы райондук сотунун эмгек жамааты соцалдык колдоого муктаж 3 бөбөккө азык-түлүк, кийим кече, таттууларды тапшырышты.
Жогоруда кайрымдуулук көргөзүлгөн үй-бүлөлөр сот кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.