Жакында Кочкор райондук сотунун төрайымы Сыдыгалиева Аселдин демилгеси менен райондук прокуратуранын, райондук пробация органынын , райондук ички иштер бөлүмүнүн, сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөөнүн бөлүмүнүн, соттук аткаруучу кызматынын жана Кочкор райондук приставтар кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме болуп өтту.
Кеңешмеде тергөө материалдарын, сот өндүрүшүнө жиберүүдө кетирилип жаткан кемчиликтер, сот актыларынын аткарылышы жана тараптарды сот отурумдарына камсыз кылуудагы үзгүлтүктөр талкууланды.
Жыйынтыгында райондук соттун төрайымы Кыргыз Репсубликасынын КЖПКнин талаптарына ылайык так аткарылышын, Укук бузуу боюнча материалдарды жиберүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын, тараптарды сот жыйналыштарына камсыз кылуу жана соттук актылар убагында аткарылышын талап кылды. Ошондой эле биргелешип иш алып баруу керектигин билдирди.
Нарын облустук сотунун
басма-сөз катчысы