KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМДАРДЫ ӨНДҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

02 февраля 2022

Бүгүн Нарын шаардык сотунун судьялары шаардагы салык кызматынын жана сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте тегерек стол өткөрүштү. Маселе, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы салык кодексинин негизинде мамлекеттик алымдарды өндүрүү бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык  процессуалдык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуу уюштурулду.


Айрыкча алимент өндүрүүдө жана коопсуз шаар боюнча мамлекеттик алымдарды өндүрүүдө кез болуп жаткан кыйынчылыктар ортого салынып, ал боюнча бир катар суроолорго жооптор алынды. Менимче сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшу тууралуу мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизүү учур талабы сыяктуу.


Талкуунун соңунда ишти  алып баруун тартиптери такталып, милдеттер белгиленди.