KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

НАРЫН ОБЛУСТУК СОТУ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

08 февраля 2022

2021-жыл ичиндеги Нарын облусундагы жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме бүгүн 8-февралда Нарын облустук сотунун имаратында болуп өттү. Жыл жыйынтыгына сары эсеп салган аймактардагы мындай кеңешмелер, акыркы эки жылдан бери, онлайн режиминде өтүп келет.  Андыктан кеңешме Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Качыке Эсенкановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарларынын милдетин аткаруучу Нургүл Асанованын, Айнаш Токбаеванын онлайн катышуусунда башталды.


Кеңешмеге Нарын облустук  сотунун төрайымынын орун басарлары, облустук соттун судьялары, облустук  административдик соттун, райондук жана шаардык соттун төрагалары, судьялары ошондой эле Нарын облустук сот департаменти башкармасынын жетекчилиги катышышты.


Кеңешмени Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова ачып, күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырды.


Мындан соң, Нарын облусундагы биринчи жана апеллациялык инстанциялардагы соттор тарабынан 2021-жылы каралган иштер боюнча маалыматтар менен Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Койломбаев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Гүлсүн Арзыгулова,  административдик иштер боюнча маалымат менен төраганын орун басары Кайырдин Бакировдун маалыматтары угулду.


Нарын облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан,  статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылы жалпысынан 5661 иш, ал эми 2020-жылы 4664 иш каралган.  2020-жылга салыштырмалуу 997 (17,6%) ишке көп каралган.


561 иштен болгону 251 иш  же болбосо каралган иштерден 4,4% гана даттанылган (2019-жылга салыштырмалуу 10 ишке көп даттанылган,)


Даттанылган иштерден 74 иш же 28% жокко чыгарылган  2021-жылы жалпы соттор боюнча  даттанылган 251 иштен 151 иш же 58 иш өзгөртүүсүз калтырылган. 2020-жылга салыштырмалуу өзгөртүүсүз калтырылганы 2 пайызга өскөн.


Ал эми  апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан  2021-жылы   жалпысынан 251 иш каралып, 106 иш же 42% кассациялык тартипте даттанылган. Кассациялык тартипте даттанылган иштерден 84 иш же болбосо 79,00% өзгөртүүсүз калтырылып, 2020-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 6 пайызга  жогорулаган.


Нарын  облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова өзүнүн корутунду сөзүндө тоолуу аймактагы соттордун  ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип,  кемчиликтерди кайталабоонун, жетишкен  саамалыктарды мындан ары да бекемдөөнүн жагдайларына токтолду.


Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.