Республикабыздын башка аймактарына салыштырмалуу деги эле жаз айы Нарын облусуна кечигип келет. Өтуп бара жаткан апта ичинде өлкө боюнча аба ырайынын кескин өзгөрүшү быйылкы жазды Теңир Тоо жергесине дагы бир жумага кечиктирип койгондой болду.
Бирок, ошого карабастан салт болуп калгандай жаздын келиши менен бүткүл элдик ишембиликке Нарын облусунун сот тармагынын өкүлдөрү да жапа тырмак чыгышып, өздөрүнүн имараттарынын тегерегин, жумуш орундарын, бөлүнгөн жер аянттарын тазалап алышты.
Мындан ары күндүн жылышы менен кийинки ишембиликтерде имараттардын тегерегин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери уланмакчы.