Сот тутумунун 100 жылдыгын утурлай Нарын шаардык сотунун төрагасы Сотибек Осмонов менен сот тутумунда жасалып жаткан иштер, судьялык кызмат жана коомдогу мамилелер тууралуу маектештик.
— Сотибек Ырыскулович, судьялык кызматта канча жылдан бери эмгектенип келе жатасыз? Иш тажрыйбаңыз, юриспруденция тармагын тандап алууңуздун себеби тууралуу кеп кылсаңыз?
— Алгач ирет 2016-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен судьялык кызматка дайындалып, Чаткал райондук сотунун судьясы кызматына киришкем. Нарын шаардык сотунун төрагасы болуп иштеп жатканыма эки жылдан ашты. Жалпы юриспруденция жагында эмгек стажым — 24 жыл. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөм.
Мен кесип тандаган мезгил 90-жылдардан кийинки өлкөдөгү олуттуу реформалардын убагына туш келди. Мамлекеттик, коомдук турмуштун бардык тармактары өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган учур болчу. СССР ыдырап, андан кийин союздук республикаларда билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, айтор, бардык тармактар олуттуу өзгөрүүлөргө учураган. Мыйзам өндүрүшү дагы түп тамырынан өзгөргөн. Мурдагы социалисттик доордогу жашап келген мыйзамдардан, Конституциядан баштап колдонмо-укуктук ченемдик актылар башынан аягына чейин кайра каралып чыгууга жаткан. Карама-каршылыктардын, талаш-тартыштардын мезгили эле. Өспүрүм мезгилде мындай талаш-тартыштарга аралашкың келип, кызыгып, ошонун негизинде коомдун турмушундагы өзгөрүүлөргө карата анализ жүргүзүү үчүн кесиптик кызыкчылык пайда болду. Университетке тапшыргандан кийин юридикалык доктринага тереңирээк кызыга баштадым. Юриспруденцияны теориялык деңгээлде өздөштүрүп, окутуучулук кесипти аркалап, тармактык дисциплиналар, илимий адабияттар менен таанышып, студенттерге көйгөйлүү маселелер боюнча баяндамаларды жасап, кесиптик деңгээлде илимий көз караштарым калыптанды. Беш жылдан ашык окутуучу болуп иштеп, юриспруденцияга баш-отум менен аралаштым. 2002-жылы Россия Федерациясынын М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмүнө тапшырып, бирок, илимий багыттагы пландарым ишке ашпай, өндүрүшкө кайтууга туура келди.
— Нарын шаардык сотундагы ишмердүүлүгүңүз жөнүндө айтсаңыз, бир күндө сотто канча иш каралат? Шаар тургундары көбүнчө кандай багыттагы маселелер менен кайрылышууда?
— Нарын шаары облустук деңгээлдеги, шаар тибиндеги калктуу конуш болгондуктан, иш жүктөмдөрү жана иштердин категориясы өзгөчөлөнүп турат. Мурда мен иштеген алыскы райондо айыл чарба жерлерине байланыштуу талаш-тартыштар көп болсо, бул жерде шаардын чөйрөсүнөн алынган талаштар көбүрөөк.
Ал эми жалпы ротация сот тутумуна жакшы натыйжасын берди деп ойлойм. Себеби судьялар, туулуп-өскөн жерлеринде же көп жыл жашап калган чөйрөсүнүн таасирине кабылышы мүмкүн. Кызыкчылыктардын кагылышуусу процессуалдык чечимдерди кабыл алууга таасир тийгизбей, судьялар эркин болуп калышты. Бардык тармактарда ротация болуп жатат, Президентибиз анын негизинде түндүктөгү кадрларды түштүккө, түштүктөгү кадрларды түндүккө алып келип, түштүк менен түндүк элдеринин ортосундагы ажырымды жоготууга багытталган жакшы аракеттерди жасады деп ойлойм. Бул көп катышпай калган бир элдин эки бөлүгүн ассимиляциялап, маданий, руханий жактан аралаштырып, каада-салтын бири-бирине сиңиштирип, өз ара ынтымагын күчөткөнгө шарттарды түздү.
— Иш тажрыйбаңыздагы эсиңизде калган оор соттук процесстер жөнүндө кеп салып берсеңиз?
-Иште оор процесстер көп болуп турат. Күмөндүү жагдайларда адам өлтүрүлгөн бир нече иштерди карадым. Иште далилдердин жетишпей калгандыгы, тергөөдө ар тараптуу каралбагандыгы сотко келгенде өтө кыйынчылыктарды жаратат. Анын үстүнө тараптар мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн салып, басым жасаганга аракет кылышат. Жалынып суранып, ага макул болбогондо коркутуп-үркүткөнгө чейин барып, ар кандай жол менен таасир эткенге барышат. Андай аракеттерди дагы көрдүк. Чечим кабыл алганга чейин 2-3 айлап унутпай жүргөн учурлар болду…
— Судья кесипкөйлүккө жетиши үчүн мүнөзү, турмуштук тажрыйбасы, билимдери жана көндүмдөрү кандай болушу шарт?
— Судьялык кесипте он жылга жакын жүргөн адам катары төрт кесиптик сапатты белгилеп кетет элем. Эң биринчиси, адилеттик. Судья ички дүйнөсү калыс адам болушу керек. Экинчиси, турууктуулук. Талаштарда тараптар бардык болгон мүмкүнчүлүгү менен судьяларга таасир эткенге аракет кылат. Мындай таасирлерге алдырбай, туруктуу, стресттик кырдаалдарга чыдамкай болушу керек. Үчүнчүдөн, кесипкөйлүк. Өзүңдүн кесибиңдин ар кандай күнгөй-тескей жактарын жакшы өздөштүрүшүң зарыл. Кесипкөйлүктө мурдагы практиканы, аракеттеги мыйзамдарды, азыркы практиканы айкалыштырып алып кетүү зарыл. Төртүнчү өтө зарыл сапаттардын бири – чечкиндүүлүк. Ар кандай кырдаалда чечим чыгара билүү. Ушул төрт сапат айкалышып турса, судьяны төрт тарабы келишкен адис деп айтса болот.
-Эгерде сизге кайра башынан мүмкүнчүлүк берилип, өз кесибиңди тандап ал десе, судьялык кесипти тандайт белеңиз?
— Мен тандап алышым мүмкүн эле, бирок, балдарымды юриспруденцияга окутмак эмесмин, себеби, оор стресттик кырдаалдарда балдарымдын иштешин кааламак эмесмин. Себеби, жаңыдан жумушка киришкен жаш адистер үчүн бул абдан оор жумуш экенин билем.
— Иш боюнча көптөгөн адамдар менен баарлашууга туура келет. Кылмышка шектүүлөр, ар башка позициядагы тараптар менен сүйлөшөсүздөр, бул канчалык деңгээлде оор?
— Кылмышка шектүү жарандар менен сот залында гана жолугабыз. Андан башка жарандык иштер, жабыркаган тараптар бар, кылмыштын кесепетинен өтө оор турмуштук кырдаалга туш келип калган адамдар бар. Бардык тараптар өз арыз-муңун жеткиргенге аракет кылышат, коллективде көйгөйлөр пайда болот, мен жетекчи катары дагы аларды угушум керек. Биздин компетенциядагы маселе болсо, чечишибиз керек. Укук коргоо органдары тарабынан, тергөөдө туура эмес баа берилип калган, жаап-жашырылып калган фактылар да учурайт. Тергөө кызматкерлери, прокурорлор менен карама-каршылыктар пайда болот. Ошондой мезгилдерде чындап оор, адамдар сизден калыстык күтөт, сизде ал маселени чечкенге ыйгарым укук барбы? — деген маселе пайда болот. Ыйгарым укугуң жетеби, жетпейби, жаран катары, жетекчи катары кичи пейилдик менен ар бир адамдын арыз-муңун укканга милдеттүүмүн. Кандай жагдай болбосун, адам өзүнүн кесипкөйлүгүн, толеранттуулугун көрсөтө алышы зарыл. Адамдардын ар бир нааразычылыгына, прокурордун, тергөөчүнүн иш-аракеттерине баа берип, судьялардын ишин жөнгө салып, эмгек жамаатында дагы жетекчилик сапатыңды көрсөтө билишиң керек.
— Мыйзамдар дайыма өзгөртүлүп, алмашып, толукталып турат, судьялар бул өзгөрүүлөр жөнүндө кабардар болуп турушу зарылбы?
— Мыйзамдардын өзгөрүп турганы коомдогу табигый нерсе. Коомдук-саясий кырдаал, рыноктук мамилелер өзгөргөн сайын мыйзам ошого карап өзгөрүлүп турат. Бул коомдун табигый жашоосу. Бул боюнча бизде “Токтом” деген аталыштагы укуктук портал, өкмөттүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин сайттары бар. Ар бир кабыл алынган акты күчүнө кирген күндөн баштап үч күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, сайтка жайгаштырылат. Ошондуктан, мыйзам системасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө ар бир судья юстиция министрлигинин сайтына, “Токтом” сайтына үзгүлтүксүз кирип, ар бир норманы колдонуп жатканда маалымат алып, өзгөрүү барбы, жокпу, карап, анан колдонушу керек. Судья ар бир толуктоо, өзгөртүүнүн маани-маңызын талдай билүүгө милдеттүү. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза процесстик кодекси 2021-жылдын 28-октябрында кабыл алынган. Андан кийинки өзгөртүүлөрдү порталдан карасак, үч жылдын ичинде аталган кодекске он беш жолу өзгөртүү киргизилгени сайтта көргөзүлүп турат. Бул бир эле мыйзам. Канча мыйзам болсо, андагы өзгөрүүлөрдүн бардыгы сайтка жайгаштырылып турат.
Ошентип, судья мыйзамдар жөнүндө учурунда “Токтом” базасынан маалымат алып, ошол эле учурда өзгөртүүнүн маанисин көп кыйналбай, дароо ачык-так түшүнүшү керек. Терминологияны, принциптерди жакшы түшүнүшү зарыл. Кесиптик денгээлим боюнча Кудайга шүгүр, теориялык тажрыйбам бар, ошол эле кезде судья катары иштеп, практикада ишке ашырып келүүдөбүз. Адабияттар боюнча алганда, кылмыш-жаза укугу, кылмыштардын квалификациясы боюнча илимий адабияттарды көп окуйм. Судьялардын арасында дагы бул боюнча дискуссияларды уюштуруп турабыз.
— Мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү билбей калып, шектүүнүн же жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоодо мурдагы беренелерди көрсөтүп, айрым тараптардын, мисалга, адвокаттардын деле жаңылыштык кетирип алган учурлары кездешеби?
— Андай учурлар көп болот. Жарандар мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу кээде биле беришпейт. Анткени менен, Кылмыш жаза процессуалдык чөйрөсүндө, жарандык мамилелерде деле “Мыйзамды билбегендик бул – жоопкерчиликтен бошотпойт” деген принцип бар. Эгер сиз мыйзамды билбей туруп, кайсы бир аракеттерди жасаңыз, баары бир ошол мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартыласыз. Ошондуктан, адамдар укуктук чөйрөгө, мамилеге кирип жатканда, квалификациялуу юристтерден сөзсүз кеңеш алышы керек. Юрист дагы аракеттеги мыйзамдарды таап, кеңеш бериши керек. Адам билбей калып, кайсы бир аракеттерди жасаса, ал жоопкерчиликтен бошотулбайт. Андай учурлар коомчулукта көп кездешет, бирок, биз соттук териштирүүдө туура норманы колдонобуз.
— Оор өкүмдөр эмоциялык чарчоого алып келбейби?
— Психологияда кесиптик эмоционалдык чарчоо түшүнүгү бар. Статистикалык маалыматтарга караганда, эң көп эмоционалдык чарчоого судьялар туш келишет экен. Ички иштер органдарында, прокурордук иштерде эмгектенгендер дагы чарчоого дуушар болушат. Бирок, психологдор булардын арасында өзгөчө судьялар эмоционалдык чарчоого туш келише тургандыгы жөнүндө өздөрүнүн профессионалдык көз караштарын айтышкан. Мисалы, тергөөчү бир оор ишти тергеп, кемчиликтерди кетирип, же билими, же дарамети жетпей калса, “сот баа берсин” деп өткөрүп жиберет. Тараптарга да: “мен чечпейм, сот чечсин” – дейт. Прокурор карайт дагы, тарап: — “мен күнөө кылган жокмун” – десе деле, “мен чечпейм, сот чечет” – дейт. Ар бир талаштуу иш сотко жөнөтүлөт. УКМКда деле, ГАИде деле ошондой. Эки адам урушуп кетсе да: “Сотко барабыз, сот чечет” – дейт. Ал эми соттун башка шылтай турган жери жок, сот чечиши керек. Бир күндө бир эле талаш маселени карабайсың, кеминде 3-4 иш болушу мүмкүн. Ошентип, стрессттик кырдаал дагы, эмоционалдык чарчоо дагы пайда болот. Сен сот болгондон кийин талашты чечишиң керек, “акимге бар, прокурорго бар” деп айта албайсың.
— Сотторго карата акыркы мезгилдерге бир топ терс пикирлер айтылып жүрөт, буга кандай карайсыз?
— Мурда бийликте сот системасында түзүлгөн кырдаалды саясий курал катары колдонгон жетекчилер болгон. Алар сотторду жамандап, өздөрүнө саясий упай топтошкон. Ошонун кесепетинен коомдо сотторду бир жактуу каралоо башталып, жалпы элдик талкууга түшкөн. Бирок, азыркы жетекчилер критикалык дагы, мактаган дагы сөздөрдү коомчулукка жарыялабастан, нукура кесипкөй деңгээлде соттор менен иштешип жатат. Эгерде сот начар иштесе, паракор болсо, ал кармалып, жазасы берилиши керек. Бирок, ар бир саясий кызматкер чыгып алып эле, сотторду жамандай берсе, бүтүндөй таза иштеген соттор жабыркап калат. Андыктан, сотторду каралоону саясий инструмент кылбай эле коюшса, деп ойлойм.
— Жарандарыбыз укуктарын коргоодо биринчи кезекте эмнеге көңүл бурушу керек, кандай кеңеш айтасыз?
— Заман, коом, адамдардын ортосундагы мамилелер өзгөрүлүп жатат, экономикалык-социалдык мамилелер дагы ушунчалык тездик менен өзгөрүп, өнүгүүдө. Ошону менен бирге салттуу укуктук мамилелерге дагы өзгөрүүлөр кирип турат. Ошол үчүн жарандарга айтат элем, ар бир жаран кайсы бир укуктук мамилеге кирип жатканда, келишим түзөбү, ишке киреби, мурас алабы, кесипкөй юристтерден аракеттеги мыйзамдарга туура келер-келбеси тууралуу кеңеш алышы керек. Экинчиси, жалпы жарандарыбыз, кызматкер, кызматкер эмеспи, өзү аракеттенген чөйрөсүндөгү негизги жоболорду так билиши керек.
— Үстүбүздөгү жылы кыргыз сот тутумуна 100 жыл толду. Өлкөнүн сот тутумунун тарыхы тууралуу азыноолак кеп кылсаңыз?
-Туура белгиледиңиз, быйыл Кыргыз Республикасынын сот тутумунун уюшулгандыгына 100 жыл толду. Алгачкы сот тутуму 1924-жылы ноябрь айында түптөлүп, Кара-Кыргыз облустук соту ишке киришкен. Сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу — өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири. Адилеттүү сот тутуму — бул күчтүү мамлекеттин бирден бир белгиси болуп саналат. Нарын облустук сот тутуму мамлекеттин конституциялык негиздерин өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту камсыздоого, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого зор салым кошууда.
Элибизге каалаарым: мамлекетибизде тынччылык болсун, өлкөбүздүн бакубатчылыкта, гүлдөп-өсүшүнө тилектешмин!
—Маегиңизге ырахмат!
Маектешкен Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Турдалиева.