Укуктук мамлекетти түзүү жана анын принциптерин турмушка ашыруу процесси өнүккөн өлкөлөрдүн тажырыйбаларынан улам белгилүу болгондой сот өндүрүшүндөгү кабыл алынган чечимдердин натыйжалары менен да өлчөнүп баа берилет. Ал мындан сырткары укуктук мамлекеттин пайдубалын бекемдөөгө жана ошондой эле өлкөдө стабилдүүлүктү камсыздоого алып келет.
Мына ушул жагдайда бийликтин бул бутагында сот адилеттүүлүгүнүн ачык-айкындуулугуна жетишүүдө бир катар иштер аткарылып, алар алгачкы натыйжаларын бере баштады. Мына ушулар тууралуу Нарын облустук теле көрсөтүүсүндө Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Койлонбаев менен Нарын райондук сотунун төрагасы Руслан Калдыбаев ой бөлүшүп, көрөрмандардын айрым суроолоруна жооп беришти.