KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

АКСАКАЛДАР СОТУНУН КУРАМЫ ШААРДЫК СОТТО БОЛУШТУ

02 марта 2022

Өткөн жылдын декабрь айында Нарын шаардык Кеңешинин V сессиясында  шаардык аксакалдар сотунун курамы дээрлик жаңыланып кайра шайланган.Демек, укук тартибин чыңдоодо, карала турган иштердин протоколдорун түзүүдө, чечим кабыл алууда эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу методикалык кеңеш алуу максатында шаардык сотко кайрылышкан.


Бүгүн, шаардык сотто аксакалдар сотунун жаңы курамы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга мэриянын, шаардык прокуратура жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы катышып, мындан ары биргелешип иш алып баруунун маселлерин талкуулашты.


Нарын шаардык сотунун төрайымы Назира Сейдакмат кызы аксакалдар сотунун курамы методикалык жардамдарды баардык убакта ала алышаарын белгилеп, шаардагы укук бузуулардын алдын-алууда аксакалдар сотуна ийгиликтерди каалады.