Замирбек Базарбеков Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басарын дайындады
Бүгүн, 2024 – жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен беш жылдык мөөнөткө Нарын облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович дайындалды.
Бекмухаммет Мусурманкулов «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык дайындалды.