KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков басма сөз жыйынын өткөрдү

26 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдагы ишмердиги жөнүндө маалымат жыйыны болуп өттү.


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жыйынды ачып жатып, коомчулукта сот тутумуна, судьялардын ишине карата дооматтар менен бирге ыраазы болгондор дагы жок эмес экендигин белгилеп өттү.


Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-февралында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда бир топ кемчиликтер, ошону менен бирге ийгиликтер жөнүндө дагы ачык айтылган.


Сот тутумунун ишмердигинде ийгиликтер жылдан жылга өсүп жаткандыгын байкоого болот. Алып айтсак, республикада бир жыл ичинде 200дөн ашуун адамдын үстүнөн актоо өкүмү чыгарылып, сот адилеттиги камсыз болгон.


Соттук иштерди кароонун алкагында мыйзам бузуу фактыларын четтетүү максатында укук коргоо органдары тарабынан, жергиликтүү бийликтер, министрликтер ж.б. мекемелер тарабынан кетирилген кемчиликтер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жалпы 655 жеке аныктама чыгарылып, алардын 541и боюнча жооп келип түшкөн.

Учурда сот реформасы жүрүп жатат.


Сот реформасын ишке ашырууга коомчулук менен катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн дагы колдоосу зарыл.


Басма сөз жыйыны суроо-жооп форматында улантылды. Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларынын орун басарлары, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин жетекчилиги журналисттердин тийиштүүлүгү боюнча суроолоруна жооп беришти.