KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Балдар - элдин жана мамлекеттин башкы байлыгы

03 июня 2024

Жай. Бардыгыбыз жакшы көргөн мезгил. Анын алгачкы күнү балдар үчүн арналган, анткени, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү катары белгиленип келет.


Балдар – адамзаттын тукумун улоочулар, ал эми ата-энелер үчүн жашоонун мазмуну жана кубанычы. Балдар — элдин жана мамлекеттин башкы байлыгы. Балдарды тарбиялоо менен ата-энелер өлкөнүн болочок тарыхын, демек, дүйнөнүн тарыхын тарбиялашат.


Бул күнү Кыргызстанда ар кандай иш-чаралар жана акциялар өткөрүлдү. Мындай салттан четте калбастан, Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун эмгек жамааты Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү, сот приставдары менен биргеликте Анипа Жолдошеванын үй-бүлөсүн куттукташты. А.Жолдошева көп балалуу эне, ал учурда беш баланы тарбиялап жатат, булардын ичинен төртөө – асыралган балдар.


Кочкор районунун сот тутумунун жамааты тарабынан чогултулган акча каражатына азык-түлүк, балдар үчүн таттуулар сатылып алынган.


Кочкор райондук сотунун төрагасы Ө.Р.Сарыбаев сот жамаатынын атынан балдарды бул өзгөчө күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.


Андан тышкары, райондук соттун төрагасы А.Жолдошеванын үй-бүлөсүнө жеке каражатынын эсебинен ай сайын материалдык жардам көрсөтүп турууну убада кылды.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы