KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ИШЕМБИЛИКТЕР УЛАНУУДА

13 апреля 2021

Жаздын келиши  менен көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, айлана тегеректи тазалыкта кармоо багытында жыл сайын  Нарын облусунда уч  айлык ишембиликтер жарыяланып, турмушка ашырылып келет .Ар аптанын аягында башка   мекеме-ишканалар  сыяктуу эле Нарын облусундагы  жергиликтүү соттордун кызматкерлери дагы  өздөрүнө бөлүнгөн участокторду жана имараттарынын тегерегин тазалоо, көрктөндурүу иштерин жүргүзүп келишет.


Өткөн аптанын соңунда Жумгал, Кочкор  Ат-Башы  райондук   сотторунун жалпы эмгек жамаатары  сот имараттарына тиешелүу участкаларын дагы бир ирет  тазалап, сырдоо жумуштарын  аткарып алышты.


Эми күндүн жылышы менен,  тоолуу аймактагы жергиликтүу соттор  кезектеги ишембиликтерде, имараттарынын тегерегине гүлдөрдүн көчөттөрүн олтургузууну пландаштырышууда.


Нарын облустук сотунун


                 басма сөз кызматы