Жакында Нарын шаардык сотунун демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында тегерек стол форматындагы кеңешме уюштурулду. Кеңешмеге Нарын шаардык прокуратурасынын, ички иштер бөлүмүнүн, мэриянын, эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана өкүлдөру чакырылган.
Акыркы бир нече жылдан бери орчундуу социалдык көйгөйлүү маселелердин бири катары коомчулуктун көңүл борборундагы бул маселени алдын-алуу багытындагы сунуш пикирлер ортого салынды. Аны менен бирге эле өткөн 2021-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу беренелери дагы талкууланды.
Нарын шаардык сотунун төрайымы Назира Сейдакмат кызынын кеңешмеде келтирген маалыматтарына таянсак 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин (2019-жыл, редакциясында 139-беренеси боюнча ) 2 жазык иши, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнундө кодексинин 75-беренеси боюнча 9 иш келип түшкөн. Ал эми Нарын шаары боюнча никени бузуу үчүн жыл ичинде 112 иш соттук кароого келсе, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу 6 иш каралган.Бул келтирилген цифралар мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүп жаткан.