KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРГЕ КУРАН ОКУТУЛДУ

23 сентября 2022

Нарын облусу боюнча Тажикстандын агрессордук кол салуусунан чек арада аскердик милдеттерин өтөп жатышкан 5 жоокер   Мекенибизди коргоодо баатырларча курман болушту. Бүгүн  Нарын облустук сотунун төрагасы Кайридин Бакиров     Нарын районундагы Оттук айлынын кулуну,  чек ара кызматынын улук сержанты Нурсултан Жаныбековдун ата-энесиин үйүнө барып,  көңүл айтып, куран окутуп, облустук  соттун эмгек жамаатынын атынан   акчалай  каражат тапшырды.


Ушул эле күнү  Нарын районундагы Эчки-Башы  айлында  Алмаз уулу Бейкуттун,  Ат-Башы районунун Терек-Суу айлында  Апсамат Жекшенбековдун,  Нарын районундагы Куланак  айылында Какеев Мирландын, Жумгал районундагы Миң Куш шаарчасында  Жеңишбек Илимбек уулунун ата-энелерине      райондук жана шаардык соттордун эмгек жамааттарынын өкүлдөрү барышып  куран окутушуп, акчалай жардам беришти.


Мындан сырткары  Баткен облусунагы  кол салуудан үй-жайлары өрттөлгөн, жакындарын жоготуп жабыркаган жарандарыбызга  Нарын облусундагы жергиликтүү сотторунун  жана Нарын облусундагы сот департаментинин  кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларынын эсебинен  200 000 сом которуп  беришти.


                         Нарын облустук сотунун


                          басма сөз кызматы