KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМДЫН ӨНДҮРҮЛҮШҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

30 апреля 2021

Кечөө Нарын шаардык сотунда үстүбүздөгү жылдагы иш планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусу боюнча салык кызматынын өкүлдөрү жана  Нарын шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары  менен мамлекеттик алымдын өндүрүлүшүндөгү көйгөйлөрдү талкуулап, иштин илгерлешине   өбөлгө түзүу максатында жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушууга  шаардык соттун судьялары дагы катышты.


Иш чаранын жүрүшундө маселенин күнгөй-тескей жактары ортого салынып, аны турмушка ашыруунун жагдайлары каралды. Шаардык сот тарабынан мамлекеттик алым өндүрүү боюнча жөнөтүлгөн аткаруу барактары эми сот аткаруучулар менен      салык кызматкерлеринин биргелешкен көмөктөшүүлөрү аркылуу турмушка ашыруу жагы  макулдашылды.


Жолугушуунун соңунда Нарын шаардык сотунун төрайымы Назира  Сейдакмат кызы  судьялардын атынан ыраазычылык билдирип, эми үч тараптуу салык кызматы, сот аткаруучулар жана шаардык сот тарабынан тыгыз кызматташтык уланаарына ишенгендигин билдирди.


                     Нарын облустук сотунун


                     басма-сөз кызматы