Нарын облустук сотунда сот аппаратынын кызматкерлери менен семинар өткөрүлдү.
Анда соттун аппараты жөнүндө жобо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле, этика боюнча маселелер талкууланды.
Семинардын катышуучулары этикалык эрежелердин бузулушуна жана мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө максатында практикалык семинардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.