KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

МЕЛДЕШ СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНИН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА УЮШТУРУЛДУ

31 октября 2022

Өткөн аптанын соңунда   кичи футбол боюнча  Нарын облустук сотунун өтмө кубогу болуп өттү. Аталган турнирди  жыл сайын   ноябрь айынын башында   белгиленип келе жаткан сот департаментинин кызматкерлеринин  кесиптик күнүнө карата        Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин Нарын облустук  башкармалыгы  уюштурду. Ага Нарын облусунун   жергиликтүү сотторунун 8 командасы өз ара күч сынашты.


Мелдешти сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын   башчысы Адилет Чакиев ачып, мелдеш  сот кызматкерлеринин арасында ынтымакты, өз ара достукту  бекемдөөгө шарт түзөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.


Күнү бою созулган мелдештин жүрүшүндө  өз тайпаларынан  суурулуп чыгышкан төрт команда  жарым финал жана финалда  өз күйөрмандарына кызыктуу оюндарды тартуулап беришти. Байгелүү  үчүнчү орун  үчүн Кочкор райондук сотунун  командасы   менен   Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын    командасы бет келишип,  байгелүу орунду Сот департаментинин  командасы ээледи.


Ал эми биринчи орун үчүн мелдеш Нарын райондук жана Нарын облустук  административдик сотторунун кошмо командасы менен Ак-Талаа райондук сотунун командасы ортосунда   негизги убакытта тең-тен чыгуу менен аяктап,   мелдештин жеңүүчүсү  пенальти менен аныкталды.  Натыйжада Нарын райондук жана Нарын облустук  административдик сотторунун кошмо командасы жыл ичинде өткөрүлгөн мелдештин  экинчи жолку  жеңүучүсү болуп калышты.


Мелдештин соңунда жеңишке жетишкен  командаларга сыйлыктар салтанаттуу тапшырылды. Салт болуп калгандай   мыкты коргоочу,  мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчу сыктуу жеке сыйлыктар да бул күнү өз ээлерин тапты.


Мындан сырткары   сот департаментинин кесиптик күнүнө  карата өз иштеринин алдыңкыларына  Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын Ардак грамоталары  да тапшырылды.


 


          Нарын облустук  сотунун


          басма сөз кызматы.