KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

НАРЫН ОБЛУСТУК СОТУ ДЕМИЛГЕЛЕГЕН МАСЕЛЕ БОЮНЧА БИРГЕЛШИП ИШ АЛЫНЫП БАРЫЛАТ

02 августа 2022

Бүгүн Нарын облустук соту тарабынан  демилгеленген  “Жазык иштеринин мөөнөтүн создуктурбай кароо, тараптарды сот отурумдарына камсыздоо”аталышындагы тегерек  стол форматындагы  кеңешме болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын облустук прокуратурасынын,  облустук ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмүнүн, облустук  сот департаментинин  жана пробация  органынын өкүлдөрү чакырылды.


Тегерек столду  Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, жазык иштер    боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Бактыбек Султанканов алып барды. Бүгүн талкуулай турган маселе, -деди Б.Султанканов  айрыкча укук коргоо органдары арасында биргелешип иш алып баруу, бир катар ички маселелерди жеңилдетүүгө  шарт түзөөрүн,  анын жыйынтыгы жарандардын көйгөйлөрүн  өз убагында чечүү экендигин  айрым мисалдар менен белгиледи.


Тегерек столдун жүрүшүндө, сотко чейинки тергөө иштеринде  дайындалган  экзпертизалардын жыйынтыгын айлап,  кээде жылдап күтүүгө туура келип жаткан. Ушул сыяктуу жагдайлар соттук териштирүүлөрдү кечеңдетээри айтпаса да белгилүү.


Айрыкча Бузуулар кодекси  боюнча салынган штрафтар боюнча көптөгөн жарандарыбыз юридикалык кеп-кенештерге муктаждыгы,   сот отурумдарында кабыл алынган  чечимдерге, токтомдорго, аныктамаларга  соттор тарабынан  дайыма түшүндүрмөлөр берилип турса,  ал бир чети  жарандарыбыздын укуктук   билимдеринин кеңейишине шарт  түзөөр эле -, деген сыяктуу  сунуш пикирлер ортого салынды.


Жыйынтыгында   тегерек столдо көтөрүлгөн   маселелер   боюнча  мындан ары карай  биргелешип  иш алып баруу жагын координациялоо боюнча макулдашылды.


    Нарын облустук  сотунун


    басма-сөз кызматы