KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

НАРЫН ОБЛУСТУК СОТУНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ СОТТОРДУН 2023-ЖЫЛДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

08 февраля 2024

7-февралда Нарын облустук соту 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Видеоконференц байланыш аркылуу өткөн кеңешмеге Жогорку соттун төрагасы З.Базарбеков, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Бакирова, ошондой эле, Нарын облустук сотунун төрагасы К.Бакиров, төраганын орун басарлары, жергиликтүү соттордун төрагалары менен судьялары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Нарын облусундагы биринчи инстанциядагы жана апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан 2023-жылы каралган иштер боюнча Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Эркин Дүйшеев, Келдибек Исажанов, Гүлбара Кудабаева баяндама жасашты.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Нарын облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна 2023-жылы жалпысынан 8014 иш түшүп, анын ичинен 7403 иш жана соттук материалдар каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 657 ишке же 9%га көп каралган (2022-жылы 6746 иш каралган).

Апелляциялык тартипте кароого 423 иш келип түшкөн, анын ичинен иш 346 иш (5%) өткөн жылга салыштырганда 1 ишке көп каралган.

Кеңешмеде баяндамачылар сот реформасынын жүрүшү, соттордун ишмердүүлүгүнүн сапатына токтолушту, ошондой эле, статистикалык маалыматтар белгиленди.


https://www.facebook.com/profile.php?id=100088108849041