KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

НАРЫН ОБЛУСТУК СОТУНУН ӨТМӨ КУБОГУНУН АЛКАГЫНДА КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

02 августа 2022

Нарын облустук сотунун өтмө кубогу боюнча салтка айланып  келе жаткан мелдеш пандемияга байланыштуу акыркы эки жылдан бери токтоп калган эле. Өтуп  бара жаткан аптанын соңуңда, ага кайрадан старт берилди. Мелдешти улантуу демилгесин Нарын шаардык сотунун аппараты өз моюндарына алышты.


Мелдешке бул ирет  мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп,  тагыраак айтканда   беш  райондук  (Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор , Нарын, Жумгал ) Нарын шаардык сотунун,  Нарын облустук сотунун,  сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынан турган  бир команда  болуп  тогуз команда  өз ара күч сынашты.


Мелдешти ачуу аземинде   Нарын облустук сотунун төрагасы Кайридин Бакиров мелдештин уюштуруучуларына ыраазчылык билдирүү  менен,   буюрса  мындан  ары  ар бир эки айда  улана турган турнир, биринчи ирээтте сот кызматкерлеринин арасында сергек жашоого, спорт менен достошууга, экинчиден сот кызматкерлеринин арасында ынтымакты, өз ара достукту  бекемдөөгө шарт түзөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.


Чүчү кулактын негизинде эки топко бөлунгөн командалар өз ара күч сынашып,  өз тобунан  суурулуп чыккандар жарым финалда жана финалдык оюндарда көрөрмандарга жана күйөрмандарына   бүйүр кызыткан кызыктуу оюн тартуулап беришти.


Жыйынтыгында   Нарын районунун жана Нарын облустук  админстративдик сотторунан түзүлгөн команда  биринчи орунду. Кочкор райондук сотунун командасы экинчи орунду,  Жумгал райондук сотунун командасы үчүнчү байгелүү  орунду жеңип алышты.


Ошондой эле мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу, мыкты дарбазачы   сыяктуу  жеке кызыктыруучу сыйыктар да ал күнү өз ээлерин тапты.Белгилеп кетүүчү дагы бир нерсе,  аталган турнирди сот тутумунун кызматкерлери арасында  өтө турган республикалык мелдешке карата да даярдык катары кароого болот.


            Нарын облустук сотунун


                 басма-сөз кызматы