KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунун административдик соту жөнүндө маалымат

10 сентября 2024

Административдик иштер боюнча соттук коргоо институту, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун 1962-жылдын 6-апрелиндеги жарлыгынан кийин өнүгүп баштаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 2-мартында №780-XII токтому менен Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде, арбитраждык сотту киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынган.

Аталган токтом 1992-жылдын 4-майында күчүнө кирип, токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту, Облустук арбитраждык соттору жана Бишкек шаардык арбитраждык соту ишке киришкен. Нарын облустук арбитраждык сотунун негизги иштери жана милдеттери катары айыл чарбасында жана мекеме-ишканалар ортосунда келишпестик келип чыккан учурда мыйзам чегинде туура чечип берүү, экономиканы өнүктүрүүдө мыйзамдын негизинде иш алып баруу болуп саналган.

Кыргыз Республикасын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы №251 жарлыгынын негизинде Нарын облустук арбитраждык соту Нарын облусунун райондор аралык соту болуп өзгөртүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу №39 мыйзамына ылайык, Нарын облусунун райондор аралык соту Нарын облусунун административдик соту болуп өзгөртүлгөн. Экономикалык иштерди кароо райондук сотторго берилген.

Жогоруда аталган мыйзам сот тутумунун ишин оптималдаштырууга багытталып, соттук иштерди жаңыдан соттук кароого негизсиз кайтаруу практикасын жоюуну, ошондой эле сот аткаруучулардын аракетине карата арыздарды кароонун тартибин жөнөкөйлөтүп жана бир катар башка өзгөртүүлөрдү камтыйт. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи жылдары менен азыркы учурду салыштырсак, сот тутумунда көптөгөн иш-аракеттер жасалганы билинип турат.

Азыркы учурда сот тутуму жогорку квалификациядагы кадрлар менен толукталып, жогорку технологиялар менен жабдылып, андагы сот отурумдардын ачыктыгы жогорулап жатат.


А.Хусанов, Нарын облусунун административдик сотунун төрагасынын м.а.