KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" мыйзамы түшүндүрүлдү

23 мая 2024


Нарын шаардык сотунун төрагасы С.Ы.Осмонов аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен жолугуп, кеңешме өткөрдү.



Иш-чарага Аксакалдар сотторунун, жарандык коомдун, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык прокуратурасынын жана Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү чакырылган.



Кеңешмеде Нарын шаардык сотунун төрагасы С.Ы.Осмонов “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, аталган мыйзам талкууланып, мыйзамдуулукту бекемдөө жаатында сунуштар айтылды.



Эске салсак, Аксакалдар соттору жарандардын арызы боюнча мыйзамдарда кылмыш-жаза жосунуна жана укук бузууларга кирбеген мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча иштерди, жергиликтүү соттор тарабынан жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жиберилүүчү жарандык иштер боюнча иштерди (материалдарды) карап, чечишет.



Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймактардын чегинде белгиленген тартиптерди жана эрежелерди жарандар жана юридикалык жактар сактабаган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберүүчү материалдарды кароо, укук бузууларды жалпы жана жекече алдын алууну жүргүзүүгө, социалдык чыр-чатактарды алардын келип чыгышынын баштапкы этабында жоюуга катышуу, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле кошуналардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү функцияларын аткарышат.