KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ТӨРАГАСЫ ЗАМИРБЕК БАЗАРБЕКОВДУН ТЕРГӨӨ ОРГАНДАРЫНА КАЙРЫЛУУСУ

15 августа 2024




















Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат.



Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүндө, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт, деп айтылат.


Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.




Тергөө органдары чоң кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды ЖМКларга шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүшөт. Мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготот.




Судьяларга байланыштуу тергөө органдары тараткан маалымат боюнча бир мисал келтирейин. Бул маалымат шашылыш түрдө чыккандыгы көрүнүп турат. Анткени, чуулгандуу пресс-релизден бир аз убакыт өткөндөн кийин тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.