KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ОКУУ - ИШ ПЛАНГА ЫЛАЙЫК ӨТКӨРҮЛДҮ

28 февраля 2022

Бүгүн Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова облустук соттун биринчи жарым жылдык иш планына ылайык, облустук соттун аппаратында иштеген кызматкерлердин ишин андан ары жакшыртуу багытында атайын окуу уюштурду .


Аппараттын кызматкерлери “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы тууралуу жана Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматкерлердин этикасы жөнүндөгү кодекске даярданып келишкен. Окуунун жүрүшүндө ар бир кызматкерлер өз ара бөлүшүп алышкан бөлүмдөр боюнча негизги, көңүл борборуна алуучу маселелерге токтолушту. Ошондой эле алар кесиптештери тарабынан берилген суроолорго да жооп беришип, окуу жандуу форматта өттү.


Мындай окуулар мындан ары да мезгил –мезгили менен улантылып, кийинки  аппраттык окууда кызматкерлер “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жана Коррупцияны алдын-алуу боюнча жоболорго  жана мыйзамдарга кайрылышмакчы.