KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Окуучулар сот отурумуна катышышты

11 апреля 2024

Жакында Кочкор районундагы Б.Иманалиев, Ш.Абдылдаев, Т.Темирова жана С.Исмаилов атындагы орто мектептердин окуучулары Кочкор райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Бүтүрүүчү класстар үчүн өткөрүлгөн ачык эшиктер күнүндө Кочкор райондук сотунун төрагасы Ө.Сарыбаев сот тутуму жөнүндө кеңири маалымат берип, окуучуларга кылмыштуулук жана аны алдын алуу жөнүндө баяндама жасады. Төрага өз кезегинде жергиликтүү сотто аудио-видео фиксация программасынын жана АИС тутумунун колдонулушуна жана анын маанисине токтолду.

Окуучулар ачык эшиктер күнүнүн алкагында доо өндүрүү тууралуу сот отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Соңунда Кочкор райондук сотунун төрагасы Ө.Р. Сарыбаев өспүрүмдөрдү кызыктырган суроолорго жооп берди.