KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунун сот аткаруучулары менен сот приставдарынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

01 февраля 2024

2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында облустун сот аткаруучулары менен сот приставдарынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге облустук башкармалыктын башчысы Адилет Чакиев, облустун башкы приставы Эмил Жунусалиев, облустук башкармалыктын САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылда аткарылган иштердин көрсөткүчтөрү менен натыйжалары, сот актыларын жана башка органдардын актыларын өз убагында аткаруу маселелери талкууланды. Адилет Чакиев өз сөзүндө “Аткаруу өндүрүшү” автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен иштөөнү колго алуу, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоону талап кылып, ошондой эле кызматкерлерге иштөө шарттарын түзүү жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.


 



Булак: Жогорку соттун алдындагы сот департаментинин сайты.