KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өттү

10 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 8-июнунда Нарын шаарында спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында судьялар жана жергиликтүү соттордун кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү.


Турнир Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогуна арналган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчиси Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Бекмухаммет Мусурманкулов жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.


Турнирге жалпысынан 11 команда катышты. Тактап айтканда, спорттук иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Бишкек шаардык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жана жергиликтүү соттордун командалары күч сынашты.

Турнирди ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан куттуктоо сөзүн окуп берди.


“Акыркы жылдары өлкө башчылыгы тарабынан футболду өнүктүрүү жана өркүндүү максатында олуттуу аракеттер жасалууда.

Республиканын бардык булуң-бурчтарында кичи футбол аянтчалары ачылып, эски стадиондор реконструкцияланып, жаңы спорт комплекстери курулуп жаткандарына бардыгыбыз күбөбүз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген футбол боюнча “Мурас” достук турнири салтка айланып, ага биздин “Фемида” командабыз активдүү катышууда. Футбол командалык оюн, ал бардыгын бириктирип, достукка үндөйт.


Футбол бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болгон дени сак, сергек жашоо образын калыптандырууга таза жана адилеттүү күрөштү популяризациялоого өбөлгө түзөт. Сот тутуму дагы бул багыттан четте турбайт. Анын далили Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогуна судьялар жана аппарат кызматкерлери арасында өткөрүлүп келген кичи футбол боюнча турнирлер жана башка спорт иш чаралары болуп саналат.


Бул жерде баса белгилеп кетүүчү нерсе, бүгүнкү турнир Кыргыз Республикасынын сот тутумун 100 жылдыгына арналат”, деп билдирди Нурлан Мусаев.


Турнирдин жыйынтыгы менен эң күчтүү командалар аныкталды:

I орун Баткен облустук сотунун командасы,

II орун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун командасы,

III орун Ош облустук сотунун командасы.

Калыстар «Мыкты оюнчуну» аныктап, ал Бейшенкулов Айжигит Маматбекович аталды, ал эми «Мыкты дарбазачы» катары Топчубаев Эсенбай Байдөөлөтович табылды. «Мыкты чабуулчу» Саттаров Нурсултан Абдимиталипович болду.