Өткөн аптанын соңунда Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мусуралиев атындагы орто мектептин 10-11 классынын окуучулары Ак-Талаа райондук соту тарабынан уюштурулган “Ачык эшиктер күнү” иш чарасынын коноктору болушту. Окуучулар алгач райондук соттун имараты, андагы аппарат кызматкерлеринин күндөлүк иши менен сыртынан учкай таанышып чыгышты.
Окуучуларды райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков кабыл алып, сот тутуму тууралуу жана соттордун ишмердүулүгу боюнча жалпы түшүнүк берди.Ошондой эле сот системасындагы санариптештирүү технологиясынын соттордогу ачык айкындуулукту коомчулукка жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеңири маалымат берилди.
Бул күну окуучулар өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорго жоопторду алышты. -Бул чейин сот системасы тууралуу башкача пикирде болчубуз,- деди айрымдары. Мектебибизде кесип тандоо боюнча ачык сабактар өтүп жаткан, бүгүнкү жолугушуу бизге сөзсүз кесип тандоодо пайдасын берет,-дешти окуучулар бир ооздон коштошуп жатышып.
Нарын облустук сотунун
басма сөз кызматы