Нарын облустук сотунун имаратынын фасады заманбап стилде реконструкцияланды. Күңүрт түстө айнектелип, бийиктетилген фасадга Кыргыз Республикасынын герби орнотулуп, мекеменин аталышы жазылган. Мындан тышкары, имараттын астына таштаман төшөлдү.
Мекеменин кызматкерлери курулуш иштерин жүргүзүүгө өз салымдарын кошушту.