KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кочкор райондук сотунун чечими аткарылды

06 июня 2024

Нарын облусунун Кочкор райондук сот аткаруучулары тарабынан Кочкор райондук сотунун 2023-жылдын 09-октябрындагы чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.


Кочкор райондук сотунун чечимине ылайык Кочкор районунун Чолпон айылынын жер тилкелеринин бириндеги жеңил конструкциядагы курулуштар мыйзамсыз коюлган деп табылган.


Сот аткаруучулар тарабынан карызкорлорго соттун актысын ыктыярдуу аткаруу сунушу жана эскертүүлөр берилген.


Мыйзамсыз курулган курулуштар карызкорлор тарабынан алынбай келгендиктен, белгиленген күнү Кочкор райондук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда мажбурлоо ирээтинде мыйзамсыз коюлган жеңил конструкциядагы курулуштар жол жээгинен алынды.


Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин басма сөз кызматы