31-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэнг Сюмин менен видеоконференц байланыш аркылуу баарлашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө санариптик трансформация үчүн азыркы учурда сот тутумунун зарыл инфраструктурасын түзүү иштеринин аткарылышы, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикирлер айтылды.
Булак: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы.