KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болду

22 февраля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда төрага Замирбек Базарбековдун катышуусунда Пленум болуп өттү.


Пленумдун отурумуна Нарын облустук сотунун судьялары дагы видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.


Отурумга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчилери катышышты.


Күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2023-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтары угулду.

Ошондой эле, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары баяндама жасашты.


Ал эми Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз сөзүндө мамлекетибиздин үч бийлигинин бир бутагы болгон сот бийлигине элдин, коомчулуктун ишенимин арттыруу максатында сот реформасы боюнча аракеттер мамлекеттик деңгээлде жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү.