KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттиги натыйжалуу ишке ашат

08 апреля 2024

Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек Райымкулович менен tunukradio.kyrgyzmedia.kg сайтынын кабарчысы маектешти. Төмөндө маектешүүгө назар салсак.


 




Сүрөттө: Эрмек Райымкулов Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы



— Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө кайрылышууда?

— Ак-Талаа райондук сотунда 2023-жыл ичи каралган иштер боюнча анализ кылып келсек, жергиликтүү тургундар негизинен өзгөчө өндүрүш тартибинде, юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө арыздар менен кайрылышууда. Айта кетсек, жарандардын өлгөндүгүн аныктоо фактысы боюнча, жарандык абалды жазуулардагы туура эместиктерди аныктоо боюнча, баланы асырап алуу жана көзөмөлчүлүктү (камкорчулукту) аныктоо жөнүндө, ошондой эле, ажырашуу жаатындагы арыздар менен көп кайрылышууда. 2023-жыл аралыгында Ак-Талаа райондук сотунда ажырашуу боюнча 42 иш каралса, анын ичинен 32 аял доо арыз менен кайрылган. Ал эми мекеме-ишканалардын кайрылуусун анализдеп көрсөк, негизинен карыз өндүрүү боюнча банк мекемелери жана салык кызматы көбүрөөк кайрылышкан.




Сүрөттө: Ак-Талаа райондук сотунун имаратынын тышкы көрүнүшү



— 2023-жылы канча ишти карадыңыздар?


— Ак-Талаа райондук сотуна 2023-жыл ичинде жалпы 525 иш келип түшүп, анын ичинен 485 иш каралган. Негизинен каралган иштердин ичинен Ак-Талаа райондук сотунда 2023-жыл аралыгында 29 иш кылмыш иши, 270 жарандык иши, укук бузуулар жөнүндө 166 иш, тергөө судьясы тарабынан 29 материал каралып, Ак-Талаа райондук соту сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сапатын жакшыртуу максатында өз ишмердүүлүгүн аткарып келди.

Каралган кылмыш иштери жөнүндө тагыраак айта кетсек, Ак-Талаа райондук соту тарабынан 2023-жыл ичинде 29 кылмыш иши каралып бүтүп, алардын ичинен адам өлтүрүү боюнча 1 иш, ден соолукка оор залал келтирүү боюнча 3 иш, этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү боюнча 1 иш, ыплас аракеттер боюнча 1 иш, диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу боюнча 2 иш, ата-эненин балдарды багуудан качуусу боюнча 8 иш, уурдоо боюнча 1 иш, опузалап талап кылуу боюнча 1 иш, бейбаштык боюнча 2 иш, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча 1 иш, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча 3 иш, соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо боюнча 5 иш, бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук боюнча 1 иш каралган. Аталган иштердин 25и өкүм менен аяктап, 3 иш өндүрүштөн кыскартылган, 1 иш боюнча медициналык мажбурлоо чаралары дайындалган. Аталган кылмыш иштердин алкагында 2 аял жоопко тартылган. Бири адам өлтүрүү боюнча жазаланса, экинчиси соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо боюнча жазасын алган. Соттолгондордун ичинен өкүм менен 15 адам коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн, 3 адамга айып пул салынган, 3 адам эркинен ажыратылган, 4 адам пробациялык көзөмөлгө жөнөтүлгөн.


-Жарандык жана экономикалык иштер боюнча дагы токтолуп өтсөңүз.


— Ал эми жарандык жана экономикалык иштер боюнча белгилеп кетсек, Ак-Талаа райондук сотуна 2023-жыл ичинде жалпы 270 иш келип түшүп, каралган. Жарандык иштер боюнча 2023-жыл ичи 308607 сом алдын ала мамлекеттик алым төлөнгөн. Кээ бир иштерди категорияларга бөлүп айта турган болсок, негизинен мурас укугу боюнча 9 иш, ажырашуу — 42 иш, аталыгын аныктоо — 2 иш, жерге байланышкан иштер — 1 иш, бүтүмдү жараксыз деп табуу боюнча 1 иш, доо өндүрүү боюнча 35 иш, асырап алуу боюнча 7 иш, камкорчу, көзөмөлчү дайындоо боюнча 14 иш, аракетке жөндөмсүз деп табуу боюнча 4 иш, юридикалык фактыны аныктоо боюнча 28 иш каралган. Аталган иштердин ичинен 101 ишке чечим чыгарылган, 34 ишке сырттан чечим чыгарылган. 62 иш кароосуз калтырылып, 18 иш боюнча доо арыздар кайтарылган. Каралган иштердин ичинен 41 ишке соттук буйрук чыккан. 2023-жыл ичинде Ак-Талаа райондук соту тарабынан чыгарылган чечим жана соттук буйруктары менен өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы — 98716 сомду түздү.

Ак-Талаа райондук сотуна 2023-жыл ичи 165 укук бузуу жөнүндө келип түшүп, 158 иш каралган. Каралган иштердин ичинен 32 иш боюнча коомдук жумушка тартылган, 95 иш боюнча айып пул салынган, 17 иш боюнча укук бузуучулар камакка алынган, 6 иш боюнча айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган.

Ак-Талаа райондук сотунда 2023-жыл ичинде укук бузуулар боюнча салыштырмалуу төмөнкү иштер көбүрөөк каралган: майда бейбаштык — 53 иш, үй-бүлөлүк зомбулук – 36 иш, уруп-сабоо – 31 иш, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү боюнча 18 иш каралган. Жоопко тартылган укук бузуучулардын ичинен 23ү аял болгон.


— Апелляциялык даттанууга кайрылгандардын саны канча болду?


— Апелляциялык даттанууга кайрылгандардын санына токтолсок, кылмыш иштери боюнча облустук сотто 3 иш каралып, 1 иш күчүндө калып, 2 иш өзгөртүлгөн; жарандык иштер боюнча облустук сотто 2 иш каралып, бири күчүндө калып, бири жокко чыгарылган. Кылмыш иштер боюнча 2 соттук материал облустук сотто каралып, экөө тең күчүндө калтырылган. Укук бузуулар жөнүндө 1 иш облустук сотто каралып, күчүндө калтырылган. Укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча бир соттук материал облустук сотто каралып, жокко чыгарылган.


-Сот сервистерин санариптештирүүгө Жогорку Сот тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда, жергиликтүү соттун ишинде санариптештирүүнүн орду канчалык?


— Санариптештирүү мамлекеттин бардык тармактарын, ошол эле учурда сот тутумунун дагы өзүнө камтыйт. Азыркы учурда Жогорку Сот тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Замирбек Курамаевич тарабынан сот ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө өтө чоң көңүл бурулууда. Райондук соттун ишинде дагы санариптештирүүнүн орду эбегейсиз чоң. Анткени, соттук процесстердин ачык-айкындуулугу камсыздалат. Тагыраак айтканда, сот жыйындарынын жүрүшү толугу менен аудио-видеого жаздырылат. Аталган система сот жыйналышынын катышуучулары тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды бир кыйла азайтып, сот өндүрүшүн ыкчам, жеткиликтүү жана жарандарга ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат деп эсептеймин.


-Ак-Талаа райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашырууда кандай көйгөлөр орун алууда? Буларды чечүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?


— Ак-Талаа райондук соту материалдык-техникалык жактан тийиштүү деңгээлде камсыздалган. Имаратыбыз жакшы. Ак-Талаа райондук сотунда эки судья иш алып барат. Соттордун кызматтык кеңселери бар. Бирок, сот залы бирөө гана. Негизинен кошумча дагы бир сот залы керек. Ошондой эле, Ак-Талаа райондук сотунда сот аткаруучулар кызматы жана сот приставдар менен бирге жайгашканбыз. Техникалык жактан камсыздоо аябай жакшы. Ар бир аппарат кызматкери керектүү компьютер, принтер менен камсыздалган. Интернет байланышы бар, бирок, кээ бир учурларда интернетти камсыздоо сапаты начарлап калат.

Негизги көйгөй катары Ак-Талаа районунда жактоочунун жоктугун белгилеп кетет элем. Ак-Талаа району боюнча бир гана жактоочу эмгектенет, ал дагы Кош-Дөбө айылында жашайт. Кош-Дөбө айылы Баетов айылынан 80 чакырым алыста жайгашкан. Сотко кайрылган жарандардын көпчүлүгү жактоочу жок болгондуктан, юридикалык консультацияга аябай муктаж болуп келүүдө. Бул жагдай боюнча биз Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы менен, аталган башкармалыктын Ак-Талаа районунун координатору А.Т. Карыбекова менен тыгыз иштешип, көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз.


-Учурда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот укуктук реформасы канчалык деңгээлде жемишин берүүдө деген ойдосуз?


-Азыркы кезде мамлекеттин жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан сот укуктук реформасы сот тутумуна жетишээрлик деңгээлде жемишин берүүдө. Анткени, сот реформасынын алкагында сот тутумунун көз карансыздыгын бекемдөө, ишмердүүлүгүн жакшыртуу, сот процесстеринде ачык-айкындуулукту камсыздоо иш аракеттери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Сот тутумунун материалдык-техникалык базасы жылдан жылга жакшыртылууда. Бул аракеттер сөзсүз түрдө биздин иштешибизге ыңгайлуу шарттарды түзүп, натыйжасын жогорулатат деген ойдомун.


— Сизге эркин микрофон?


— Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Замирбек Курамаевич 2024-жылдын 5-мартында, бизди кесиптик майрамыбыз менен куттуктап, өз куттуктоосунда “Элдин алкоосуна арзып, акыйкат иш алып барууга дагы бир жолу чакырып кетем. Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук – бул кылдаттыкты талап кылган, эриш-аркак жүрүүчү өтө татаал иш, мыйзамдуулукка оодарып салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу туура болбос. Соттошкон адам үчүн процесстин түшүнүктүүлүгү, чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу маанилүү. Андыктан, кара кылды как жарган калыстыктан, ыймандуу болуудан тайбаңыздар” деп аябай жакшы белгилеген. Мен бул сөзгө толугу менен кошулам. Биз сот адилеттигин орнотуу үчүн ишибизди ар убакта чоң жоопкерчилик, кара кылды как жарган калыстык менен акыйкат жана мыйзамдын алкагында аткарышыбыз керек деп эсептейм.


Барчын Мамытбекова