KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

31 октября 2022

Белгилүү болгондой жыл сайын 1-ноябрь күнү Сот департаментинин кызматкерлеринин кесиптик күнү катары  катары  белгиленип келет. Мындан 28-жыл мурда  сот тутумундагы келип чыккан  муктаждыктардан улам,     1994-жылдын   1-ноябрында   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу   Сот департаменти    уюшулган.


Учурда Сот департаментинин кызматкерлерине     баардык  аткаруу кызматтары,   тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын жана башка мамлекеттик  органдардын актыларынын аткарылышын камсыздоо иштери, ошондой эле    жергиликтүү соттордун ишин  уюштуруу маселелери      жүктөлгөн.


Сот департаментинин Нарын облустук  башкармалыгында эмгектенүү менен,     өз иштеринде айырмаланышкан  айрым кызматкерлерди  бүгүн Нарын облустук сотунун төрагасы Кайридин Бакиров  кабыл алып, аларды алдыдагы кесиптик майрамдары менен куттуктап, Нарын облустук сотунун Ардак грамоталары жана Ыраазычылык,    барактары менен  сыйлады.