31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облустук сот тутумунун айрым судьяларына жана аппарат кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Нарын облустук сотунун сыйлыктары тапшырылды.
Иш-чарада Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Г.И.Кудабаева Кыргызстан үчүн эгемендүүлүктүн мааниси зор экендигин белгилеп, демократиялуу, өнүккөн мамлекеттин өзөгүн көз карандысыз жана өз алдынча сот системасы түзө тургандыгына токтолду.
Иш-чаранын катышуучуларына жана сыйлык ээлерине бекем ден соолук, ийгиликтерди каалады.