Бүгүн Нарын облустук сотунда, облустук соттун жана тоолуу аймактын жер-жерлеринде биринчи инстанцияларында эмгектенип жатышкан судьялардын башын коштурган жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 10-беренесине ылайык судьялар Кеңешине талапкерлерди көргөзүү боюнча маселе каралды.
Чогулуштун жүрүшүндө судьялар Кеңешине биринчи инстанцияда иштешкен 3 судья жана облустук соттон 1 судьянын кандидатуралары бир добуштан жактырылды.