KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ТЕГЕРЕК СТОЛДО УКУК КОЛДОНУУ ТАЖЫРЫЙБАСЫН БИРДИКТҮҮ АЛЫП БАРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

14 октября 2022

Нарын облустук административдик  сотунун  демилгеси менен  “Прокурордун административдик сот өндүрүшүндөгү  ыйгарым укуктарын   жүзөгө ашыруунун процессуалдык маселелери”,- деген теманын  алкагында тегерек стол форматында кенешме  өткөрүлду. Ага Нарын облустук, райондук жана шаардык прокуратура органдарынын кызматкерлери чакырылып, катышышты.


Мамлекеттеги мыйзамдуулукту  жана укук тартибин  камсыздоо жолдорунун  эң маанилүү маселелеринин бири бул — укук колдонуу тажырыйбасынын бирдейлиги  жана стабилдүүлүгү болуп эсептелет. Андыктан тегерек столдогу өзөктүү маселе прокуратура тарабынан берилген административдик доо арыздар тууралуу болду.  Кеңешме эки тараптуу диалогдордун  тегерегиндеги  ой пикирлердин, практикалык мисалдар  менен пикир алмашуу иретинде  өткөрүлдү.


Кеңешменин жүрүшүндө тоолуу региондун шартына  мүнөздүу болгон талаш-тартыштар боюнча административдик доо арызды берүү тартибиндеги маселелер  ортого салынды.


Суроо-жооптор,    диалогдор менен уланган   кеңешме  мындан ары укук колдонуу  тажырыйбасын  бирдиктүү    алып барууда өз натыйжасын берет деген ишеним бар.


 


Нарын облустук сотунун


басма-сөз кызматы