KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ТОГУЗ АЙДАГЫ ИШТЕРГЕ САРЫ ЭСЕП САЛЫНДЫ

01 ноября 2022

Нарын  облусундагы  жергиликтүү соттордун    2022-жылдын тогуз ай ичиндеги     жүргүзүлгөн  иштеринин   жыйынтыгына арналган кеңешме    Нарын облустук сотунун имаратында өткөрүлдү.Кеңешмеге    облустук  соттун судьялары, шаардык   жана  райондук   соттордун  төрагалары, жана судьялары  катышты.


Нарын облустук  сотунун төрагасы Кайридин Бакиров  алгач   Нарын облустук сотунун жазык иштери боюнча төраганын орун басары болуп дайындалган Келдибек Исажановго жана     Нарын облустук сотунун административдик  иштер боюнча төраганын орун басары болуп дайындалган Гулбара Кудабаева боюнча Жогорку Соттун  төрагасынын буйругу менен тааныштырып, алардын андан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Мындан соң облустук соттун төрагасы   жергиликтүү соттордун    тогуз ай ичиндеги  аткарылган иштерине  токтолду.


Нарын облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан    үстүбүздөгү  жылдын  9 айында  жалпысынан 5025 иш каралган.Жалпы каралган  иштердин  ичинен 226 иш  же  4,4пайызы  гана даттанылган.Жалпы   даттанылган 226 иштен 128 иш же 56пайызы  өзгөртүүсүз калтырылган.Даттанылган иштерден 63 иш же 27,8 пайызы  жокко чыгарылган, 35 иш же 15,4 пайызы  өзгөртүлгөн.


Кеңешменин жүрүшүндө  облустук соттун жетекчиси ар бир жергиликтүү соттордун көрсөткүчтөрүнө    кеңири токтолуп,  кемчиликтерди  четтетүүнүн,  иштин сапатын жакшыртуунун милдеттерин белгиледи.


Кенешменин соңундагы  корутунду сөзүндө облустук соттун    төргасы   Кайридин Бакиров     сот адилеттүүлүгүн  турмушка ашырууда  мыйзамдардын  талаптарын сактоону эскертип, күн тартибиндеги  кечиктирилгис  иштерди  аткаруу  багытында  бир катар тапшырмаларды   койду.


Нарын облустук  сотунун


        басма сөз кызматы