KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ЖУМГАЛ РАЙОНДУК СОТУНДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

12 февраля 2024

9-февраль күнү Жумгал райондук сотунда Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жана М.Алыбаев атындагы орто мектебинин 11-класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ага элүүдөн ашуун окуучу мугалимдери менен катышышты.


Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында  Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун кызматкерлери тарабынан уюштурулган.


Жолугушуунун жүрүшүндө Жумгал райондук сотунун төрагасы Бектемиров Куралбек Абдималикович жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары, райондук сотто окуу практикасынан өтүп жатышкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенттеринин катышуусунда жалпы эле сот тутумунун ишмердүүлүгү, кыргыз сотунун тарыхы, сот системасы, кылмыштуулук жана укук бузуучулукту алдын алуу маселелери  жөнүндө кыскача баяндалды.


Өз кезегинде окуучуларды соттордун ыйгарым укуктары, судья кызматына талапкерлерди тандоо тартиби ж.б. жөнүндө суроолор кызыктырды.


Иш-чаранын соңунда кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришип, ыраазычылыктарын айтышты.