KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Свердлов райондук сотунда биринчи жарым жылдыкта 107 отурум онлайн форматта өткөрүлдү

18 июля 2024

 2024-жылдын 17-июлунда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана Юстиция министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле Япониянын Юстиция министрлигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аталган райондук сотко барган учурда 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 107 онлайн сот отуруму өткөрүлгөнүн маалымдады.


Талайбек Абыкеев сот отурумунун залдарына чакан экскурсия жасап, 6 залдын төрт залы видеоконференц байланыш системасы, беш сот отурум залы аудио-видео жаздыруу системасы менен жабдылганын көрсөттү.


«2024-жылдын март айынан тартып Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту анча оор эмес кылмыштар боюнча айыпталып, №21 мекемеде (СИЗО-1) кармалып турган адамдарга карата сот отурумдарын онлайн режиминде өткөрүүнү практикага киргизүү боюнча пилоттук долбоорго катышып келет.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесине ылайык, онлайн режиминде сурактарды, анын ичинде жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана башкаларды жүргүзүү боюнча активдүү кызматташуу жүрүп жатат. Жалпысынан 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 107 онлайн сот отуруму өткөрүлдү», — деди Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы.


Ошондой эле Талайбек Абыкеев иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн техникалык жабдууга байланыштуу болгон кыйынчылыктарга бурду жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун койгон маанилүү милдети-жарандардын сот адилеттигине өз убагында жетүүсүн жана соттордун ачыктыгын камсыз кылуу максатында сот органдарында санариптештирүүнү өнүктүрүү экенин баса белгиледи.


Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан сотто онлайн-отурумдарды киргизүү демилгеси колдоого алынгандыгын белгиледи.


Үстүбүздөгү жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесинде (соттук териштирүүгө аралыктан катышуу) каралган ченем күчүнө киргенин белгилейбиз.


Булак: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайты.