KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбековго «Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды

30 января 2024

2024-жылдын 29-январында, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа боюнча кеңешме болуп өттү.


Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө уюштурулуп, ага Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров жана облустун сот бийлигинин өкүлдөрү катышышты.


Кеңешмеде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого жана сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кечиктирилгис өзгөртүүлөр жана өркүндөтүүлөр боюнча маселелер талкууланды. Замирбек Базарбеков сот адилеттигин жана мыйзамдуулуктун принциптерин сактоону камсыз кылуунун негизги элементи катары сот тутумун реформалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Учурда сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында иштин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтты. Тагыраак айтканда, иштердин өз мөөнөттөрүндө каралышы,  мыйзамдуу жана негиздүү чечимдердин чыгышы, соттордун ачык-айкындуулугуна басым жасады.


Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун өз учурунда Ысык-Көл облусунун райондук, шаардык соттун судьясы жана төрагасы болуп көп жылдар бою үзүрлүү иштегендигин эске салып, ошол жылдары ал өзүн адилет, калыс жана кынтыксыз судья катары көрсөтө алгандыгын айтты. Элге жана мамлекетке кызмат кылуунун эң мыкты өрнөгүн, адилеттүүлүктү, кыраакылыкты жана сабырдуулукту көрсөткөн, мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон сот бийлигин жетектеген – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго «Ысык-Көл областынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.


Замирбек Курамаевичтин кыргыз бермети болгон касиеттүү көл калаасынын эң ардактуу сыйына арзып жатышы жөн жеринен эмес. Ушул тапта Замирбек Курамаевичтин түздөн түз жетекчилиги, активдүү катышуусу, демилгелүү аракети менен сот системасын түп-тамырынан кайра реформалоо иштери ийгиликтүү жүрүп жатат.


Коомчулук жана жарандарыбыз соттордун чынчыл, адилеттүү жана калыс болушун, мыйзамдуулуктун так сакталышын талап кылышууда. Кыска аралыктын ичинде Замирбек Курамаевичтин жетекчилиги менен өтө маанилүү сот реформалары жүзөгө ашырылууда. Судьялар корпусун ротациялоо, жаңылоо процесси ийгиликтүү жүргүзүлдү. Мыйзамдуу жана адилет чечимдерди чыгарууга негиз боло турган бир катар жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына жетишилди. Сот процесстеринин ачык өтүшүнө бардык шарттар түзүлүүдө, аны видео аркылуу онлайн көрсөтүү колго алынды, бул сотторго болгон ишенимди жогорулатууда.


Ошондой эле, Замирбек Курамаевичтин активдүү аракети менен сот тармагынын финансылык базасын чыңдоо, судьялар корпусу үчүн жаңы имараттарды куруу, эскилерин оңдоо-түзөө иштери да үзүрлүү жүрүүдө. Сот системасынын таза, адилеттүү иштөөсү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.


Ал өзүн элдин чыныгы мекенчил уулу, тажрыйбалуу жетекчи, сот тармагынын чыныгы новатору жана реформатору экендигин таасын көрсөтө алды”, — деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.


Мындан тышкары кеңешмеде Замирбек Базарбеков  Ысык-Көл областынын сот системасын жакшыртууга да жакындан көмөк көрсөтүп, аймакта Сот адилет үйүнүн ачылышы, сот имараттарынын оңдолуп-түзөлүшү үчүн терең ыраазычылык айтылды.


Белгилей кетсек, Замирбек Базарбеков 1990-1993-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук прокуратурасы жана Ысык-Көл облустук прокуратурасында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп иштеген. 1997–2005-жылдары Ак-Суу райондук соту жана Каракол шаардык сотунда судья жана төраганын орун басары болуп эмгектенген. 2005–2006-жылдары Ысык-Көл облустук адвокаттар коллегиясында адвокат болуп иштеген. Ал эми 2006-2016-жылдарга чейин Балыкчы шаардык сотунда судья жана соттун төрагасы болуп эмгек өтөгөн.



Булак: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун баракчасы