KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Жыргалбек Мамаев Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

15 августа 2024
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен Жыргалбек Аскерович Мамаев Балыкчы шаардык сотунун төрагасы кызматына беш жылдык мөөнөткө дайындалды.

Жыргалбек Мамаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.