KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ЖОЛУГУШУУ ЖАШТАРДЫН УКУКТУК БИЛИМДЕРИН ЖАКШЫРТУУГА АРНАЛДЫ

26 февраля 2021

 


ЖОЛУГУШУУ ЖАШТАРДЫН УКУКТУК БИЛИМДЕРИН  ЖАКШЫРТУУГА   АРНАЛДЫ


Жаштарды  ыймандуулукка, адептүүлүккө   тарбиялоо багытында, ошондой эле өсүп келе жаткан муундардын укуктук билимдерин жакшыртуу максатында   Кочкор райондук сотунун демилгеси менен жогорку класстардын  окуучулары менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга  райондун борборундагы  Калыгул Бай уулу, Н. Жүндүбаева,  К. Кыдыралиев, жана И. Арабаев  атындагы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары келишти.


Жаш муундардын укуктук билимдерин жакшыртуу боюнча иш чаранын  мындай формасы райондук мамлекеттик администрация тарабынан колдоого алынып, анын форматы кеңейтилди.Тагыраак айтканда   жолугушуу  райондук мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлеринин, райондогу укук коргоо  органдарынын өкүлдөрүнүн , районддук билим  берүү бөлүмүнүн башчысынын,   мектеп  директорлорунун  жана райондук ички иштер бөлүмүнүн  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторунун катышуусунда  өттү.


Жолугушууда  зордук зомбулукту болтурбоонун чаралары,  эрте  никеге туруунун кесепеттери,    кылмыштуулуктун  жана башка  түрлөрүн алдын алуу  тууралуу маселе талкууланып, мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган   көптөгөн суроолорго жоопторду  алышты.


Жолугушууда  катышкан Кочкор райондук  сотунун төрагасы Жунусов Сапарбек, жаш өспүрүмдөр арасында катталып жаткан кылмыштар   Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинде,  ошондой Бузуулар кодексинде  каралып жаткандыгын айрым мисалдар менен  айтып берип, өсүп келе жаткан муундун өкүлдөрүн жаман адаттардан алыс болуусуна чакырды.


Нарын облустук сотунун


                          басма-сөз кызматы