Жумгал райондук сотунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Алар соттун имаратынын айлана-тегерегин жана Чаек айылындагы парктын айланасын тазалашты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги №20-2789 сандуу катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу структураны түзүү планы жөнүндөгү» Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айыныын үчүнчү ишембиси «Улуттук тазалык күнү» деп белгиленген.