KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: НАРЫН ОБЛУСТУК СОТУ

15 февраля 2021

2020-жыл ичиндеги Нарын облусундагы  жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгын  чыгарган кеңешме  өткөн апртанын соңунда    Нарын облустук сотунун имаратында  болуп өттү. Деги эле  аймактардагы мындай кеңешмелер,   бул жылы өткөн жылдардан айырмаланып, онлайн режиминде өтүп  жатканын да сөз арасында белгилеп кеткенибиз оң болоор. Андыктан кеңешме Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын онлайн катышуусунда башталды.


Онлайн демекчи, акыркы жылдардан бери сот өндүрүшүндөгү санариптештирүү жеке эле   сот отурумдарындагы ачык-айкындуулукка  шарт жагдайларды  жаратпастан, минтип бир катар    финансылык чыгымдарды да, кыйла кыскартууга алып келүүдө .


Жыл жыйынтыгына арналган  кеңешмеге Нарын облустук  сотунун төрайымынын  орун басарлары, облустук  соттун судьялары, облустук  административдик соттун,     райондук  жана шаардык соттун төрагалары, судьялары ошондой эле Нарын облустук сот департаменти башкармасынын жетекчилиги  чакырылган.


Кеңешмени Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова ачып,       күн тартибиндеги    маселелер менен тааныштырды.


Мындан соң, Нарын облусундагы биринчи жана апеллациялык инстанциялардагы  соттор   тарабынан 2020-жылы  каралган   иштер боюнча    маалыматтар менен   Нарын облустук   сотунун төрагасынын  жазык иштери  жана жоруктар  жөнүндө иштер боюнча  төраганын орун басары  Азамат Койломбаев,   жарандык жана экономикалык иштер боюнча  төраганын орун басары Гүлсүн Арзыгулова,  адмистративдик иштер боюнча маалымат менен  Нарын облусунун административдик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Махабат Чагалдакова тааныштырды.


Нарын облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан, статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-жылы жалпысынан 4664 иш, ал эми 2019-жылы 4252 иш каралган.  2019-жылга салыштырмалуу 412 (9%) ишке көп каралган.


4664 иштен болгону жалпы биринчи инстанциядагы соттордун 241 иши же болбосо каралган иштерден 5,2% гана даттанылган (2019-жылы да 241 иш даттанылган,)


Даттанылган иштерден 89 иш же 36% жокко чыгарылган (2019-жылы жокко чыгарылган иштердин саны  76 ишти же 31% түзгөн, 2019-жылга салыштырмалуу жокко чыгарылган иштер 5% жогорулаган);  17 иш  же 7% өзгөртүлгөн (2019-жылы 31 иш же 12% өзгөртүлгөн, 2019-жылга салыштырмалуу  өзгөрүлгөн иштердин пайызы 5%төмөндөгөн.


2020-жылы апелляциялык инстанциядагы сотто жалпысынан 261 иш каралып, 123 иш же 47% кассациялык тартипте даттанылган (2019-жылы 286 иш каралган, 2019-жылы 130 иш даттанылган.   Кассациялык тартипте даттанылган иштерден 90 иш же болбосо 73,1%   өзгөртүүсүз калтырылып, 2019-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 4,58% жогорулаган.


Маалыматтардан кийин биринчи инстанциядагы соттордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилгендигине байланыштуу    сот адилеттигин  турмушка ашыруудагы  өздөрүнүн сунуш пикирлери менен  биринчи инстанциядагы соттордун жетекчилерине   сөз берилди. ,


Тагыраак  айтканда жергиликтүү бийлик  органдары, коомдук уюмдар жана аксакалдар соттору менен биргеликте иш алып барууда ошондой эле  колдонуудагы кодекстердин айрым беренелери өзгөртүүлөр менен толуктоолордун зарылчылыктары тууралуу пикирлер ортого салынды.Ошондой эле алар Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу  Нургүл Бакированын бир катар суроолоруна жооп беришти.


Нарын  облустук  сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова өзүнүн корутунду сөзүндө толуу аймактагы   соттордун  ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип,  кемчиликтерди кайталабоонун, жетишкен  саамалыктарды мындан ары да бекемдөөнүн жагдайларына токтолду.


Өз кезегинде Жогорку соттун төрайымынын   милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова  мындан сырткары жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп,эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажырыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


Жыл жыйынтыгына араналган кеңешмеге Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын  орун басарлары Нургуль Асанова,  Айнаш Токбаева жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдер катышышты.


Кенешменин соңунда  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу  сот департаментинин Нарын облустук башкармасынын  башчысы  А. Чакиевдин  да жыл ичиндеги департамент тарабынан жасалган иштер тууралуу  маалыматы угулду.


Нарын облустук  сотунун


              басма-сөз кызматы