Бүгүн, 14-январда өлкөдө Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү белгиленүүдө.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чагылдырган негизги белгилер — туу, герб жана гимн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамда белгиленген.
Гербдин авторлору: Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.
1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин бекиткен.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган «Кыргыз» жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган «Республикасы» деген жазуудан турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын жараны экендигин ырастоочу документтерде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерде бастырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башкаларды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы





