KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Жалпылап көтөргөн жүк жеңил

23 декабря 2024

Нарын райондук сотунда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук сотунун судьясы К.И. Маматов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин негизинде сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу жана бошотуу жөнүндө баяндама жасады.


Судья өз сөзүндө: соттун өндүрүшүнө анча оор эмес кылмыш иши келип түшкөндөн баштап, пробация органына кат менен кайрылышарын, органдан сунуш бир айдын ичинде келерин, бирок, көпчүлүк учурда кечиккен учурлар болуп жатканын белгиледи.


Ошондой эле, судья К.Маматов тергөө боюнча маселелерге токтолуп, Нарын райондук соту тарабынан тергөөчүлөргө карата 2024-жылдын 9 ай ичинде 3 жеке аныктама кабыл алынганын айтты.


Нарын облусу боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы М.Дөөтүгүлованын айтымында, документтерди топтоого убакыт көп сарпталат. Пробацияга сунушталган кардар түшкөндө бардык мамлекеттик органдарга сурамжылоо жөнөтүлүп, жооптор алынып, текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл болот.


Ошондой эле, Нарын облустук сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Б.Л.Мусурманкулов иш-чарада белгиленген маселелер боюнча пикирин билдирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш чараларды биргелешип жүргүзүү өз натыйжасын берерин белгиледи.


Жыйын суроо-жооп форматында улантылып, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Т.Ашырбаев, адвокат З. Үмөталиева ж.б. суроолоруна жооп алышты.