KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун төрагасы Ат-Башы райондук сотунун кызматкерлери менен жолукту

21 августа 2025

2025-жылдын 21-августунда Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров Ат-Башы райондук сотунда болуп, кызматкерлер менен баарлашты.


Жыйындын жүрүшүндө К. Абдыкадыров сот адилеттигин жүзөгө ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана мыйзамдуулукту сактоо бүгүнкү күндөгү эң башкы талап экендигине токтолду. Ошондой эле, жергиликтүү сотко кайрылган жарандарга сылык, маданиятуу мамиле кылууну тапшырды.




Өз кезегинде облустук соттун төрагасы Ат-Башы райондук сотунун имаратын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп, курулуш иштерине байланыштуу бир катар тапшырмаларды белгиледи.




Белгилей кетсек, Нарын облустук сотунун жетекчиси Куралбек Абдыкадыров Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин жергиликтүү соттор менен болгон онлайн кеңешмесинин протоколдук тапшырмасынын алкагында райондук жана шаардык соттордун судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери менен жыйындарды өткөрүүдө.




Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы